Касым-Жомарт Токаевдин олимпиадачылар менен жолугушуусу болбой калды. Себеби

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин олимпиадачылар менен жолугушуусу спортчулар арасындагы массалык коронавирустан улам жылдырылганын КазТАГ жазды.

«Кечээ президент Париж Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө жана машыктыруучулар курамына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу жарлыкка кол койгон, алар менен Касым-Жомарт Кемелевич 15-августта жолугушат деп пландалган. Тилекке каршы, спортчулардын жана машыктыруучулардын жарымына ковид диагнозу коюлган, ошондуктан жолугушууну башка күнгө жылдырууга туура келди», — деп билдирген президенттин басма сөз катчысы Берик Уали.

Ал жолугушуу сөзсүз болорун жана августтун аягында Акордада пландалып жатканын белгиледи.

15 Август 2024 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча