Казак-кыргыз чек арасындагы «Кеген» өткөрүү бекетинде унаа тыгыны болууда

Азыркы учурда казак-кыргыз мамлекеттик чек арасында Алматы облусундагы «Кеген» өткөрүү бекетинде унаа тыгыны байкалууда. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, тыгын чек ара аймагында жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

«Башка чек ара пункттары штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай чектөө киргизилген жок. Абалды эске алып, мүмкүн болсо жол каттамын өзгөртүүңүздөрдү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

19 Июль 2024 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча