Казакстан Кыргызстанга 1600 кг койдун этин мыйзамсыз алып кирмей болгон

Казакстан Кыргызстанга 1600 кг койдун этин мыйзамсыз алып кирмей болушкан. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аткезчилик товар «Кең-Булуң» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунда кармалды. Этти алып кирүүгө тийиштүү кагаздары жок болгондуктан кайра Казакстанга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанда эттин баасы Бишкекке салыштырмалуу 35-40 сомго арзан.

29 Июль 2024 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча