Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 2 миң тонна дизель майын жөнөттү

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 2 миң тонна дизель майын жөнөттү. Бул тууралуу маалымат коңшу мамлекеттин өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Билдирмеге караганда, мындай тапшырманы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан улам берген.

Буга чейин гуманитардык жардамдын биринчи партиясы (1000 тонна)дизель майы 28-февралда келген эле. Мындан тышкары, казак тарап Жамбыл ГРЭСинен келген электр кубатынын көлөмүн көбөйтүүнү чечкен. ТЭЦтеги авариядан кийин ушундай эле гумжардамды Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрү көрсөткөн.

1 Март 2024 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча