Казакстанда эркек киши кызды ата-энеси менен барымтага алган. Полиция маалымат берди

Казакстанда кечээ, 13-январда кечинде Актөбедеги үйлөрдүн биринде эркек киши кызды ата-энеси менен барымтага алган.  «Эртең менен кыздын апасы Тез жардам унаасында каза болгону белгилүү болду. Өгөй атасы операция столунда каза болгон. 24.kz телеканалынын маалыматына караганда, барымтага алынган кыздын психологиялык абалы оор. Анын башы менен колдорунда жаракаттар бар»,- деп айтылат маалыматта. 

«Тенгри» басылмасы полиция маалымат бергенин билдирди. Маалыматка караганда, кечээ, 13-январда болжол менен саат 20:00 чамасында полицияга барымтага алынган жаран боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган полиция шектүү менен барымтага алынган аял киши тааныш экени аныкталган. Ошондой эле барымтага алган киши эч нерсе талап кылган эмес. Полиция шектүү менен 3 сааттай сүйлөшкөн, бирок майнап чыккан эмес. Кызматкерлер атайын операция жүргүзүп шектүүнү кармашкан. Жабырлануучу бошотулган. Андан соң, жабыралунуучунун ата-энеси бычактан алган жаракаты менен жер төлөдө жатканы маалым болгон.

«Тилекке каршы апасы Тез жардам унаасында, атасы операция столунда каза болду»,- деп айтылат маалыматта. Шектүү камакка алынган.

14 Январь 2025 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча