Казакстанда эс алганы барып, 11 адам сууга чөгүп кеткен. Окуянын чоо-жайы…

Кечээ, 21-августта Казакстандын Түркстан облусунун Сырдарыя дарыясында 11 адам сууга чөгүп каза болгон. Куткаруучулар жабырлануучулардын аты-жөнүн тактап жатканын «Орда» басылмасына таянуу менен «serep.kg» жазды

Ага ылайык, 4 үй-бүлө дарыянын жээгине эс алганы барышкан. 21-август күнү кечинде 11 адам сууга чөгүп каза болгон — сегиз жаш бала жана үч чоң адам.

«Үй-бүлөлүк эс алуудан кийин 20 адам – чоңдор жана балдар дарыянын жээгине чыгышкан. Эксперттер Сырдарыянын агымы бир топ ылдам экенин, алар агызып кетерин билбей калышканын, алар чөккөн жерде сууга түшүүгө болбой турганын айтышты. Балдардын кантип сууга түшүп кеткени азырынча белгисиз. Куткаруучулар билдиргендей, чөгүп кеткен балдардын эң кичинеси алты жашта. Алдын ала маалыматтар боюнча, чоңдор балдарды сактап калууга аракет кылып, натыйжада алар да каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

22 Август 2023 жыл 14:12

Тема боюнча