Казакстанда өрт кырсыгына кабылып сегиз киши каза болгону кабарланды

Казакстанда бир күндө иске ууланып, өрт кырсыгына кабылып сегиз киши каза болгону кабарланды. Алардын жетөө балдар.

«Өрт үйдү толугу менен каптап калыптыр»
17-ноябрдын таңында Казакстандын баш калаасы Астана шаарынын четиндеги Көктал конушунда өрт чыгып, бир үйдүн 13, 9, 3 жана 2 жаштагы төрт баласынын өмүрүн жалмап кетти. Өрттө үйдүн чатыры күйүп, жарым-жартылай урап түшкөн.

Айрым баштапкы маалыматтарга караганда, балдар бир үй-бүлөдөн болчу.

Эрбол Жакуповдун үйү тилсиз жоо жалмаган үйгө кошуна турат. Ал окуя болгон танда жумушта болгонун, өрт анын үйүнө чейин жеткенин, бирок өрт өчүргүчтөр кеч келгенин айтат.

«Саат 9.10до аялым чалып, «өрт болуп атат» деди. Келсем, менин үйүмө, бери карай өтүп калыптыр. Өрт өчүргүчтөр «6 мүнөттө» келдик дейт, 6 мүнөттө учак менен да келип жетишмек эмес. Балдарыбызды дароо сыртка алып чыктык. Анан кошунанын үйүнө келдик, үн каткан эч ким болгон жок. Өрт үйдү толугу менен каптап калыптыр», — дейт Жакупов.

Астана шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бул окуя боюнча «Балдардын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу» деген берененин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын тергөө бөлүмү коопсуздук талаптарынын бузулушунан улам жеке менчик эки кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Корутунду тергөө аяктагандан кийин белгилүү болот», — деп билдирди мекеме.

19 Ноябрь 2024 жыл 10:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча