Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюнуна 268 кыргызстандык спортчу катышат

Быйыл Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюнуна 268 кыргызстандык спортчу катышат. Бул тууралуу Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Кыргызстандыктар спорттун 29 түрүнө катышат. Делегациянын кийимине, тамак-аш, жол кире жана мейманканасына мамлекет тарабынан акча бөлүнөт.

“ Спортчулар үчүн форманын эскизи иштелип чыкты. Аны ата мекендик Bigser компаниясы тигип берет. Азырынча калган маалыматты айтпай турайын, даяр болсо расмий жарыяланат”, — деди ал.

5 Август 2024 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча