8-февралда Алматынын Медеу районундагы Тау-Самал кичи районундагы Олимпийская көчөсүн бойлой жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты.
Кыйроо топурактын суу болуп калышынын чыккан. Анын көлөмү 3200 куб метрди түзөт. Баткак эки үйдү каптап калган. Аларда төрт адамдан турган үй-бүлө, анын ичинде эки бала болушу мүмкүн экени айтылды.
«Жакын жердеги үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланды. Алар № 47 мектепке жайгаштырылды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлдү. Жабыркагандар болсо, аларды издөө иштери уланууда», — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.