Казакстанда жылкылар кырылууда (видео)

Казакстандын Акмола облусунда дыйкандар жылкылардын массалык өлүмүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоону суранышууда. Жайыттарда жаныбарлар ачкачылыктан кырылып жатканын Tengrinews.kz билдирди. 

«Бизге жардам керек. Облуска өзгөчө кырдаал жарыялап, техникаларды жөнөтүү мүмкүн эмеспи? Быйыл кыш катуу болуп жатат, менин эле эмес, башка айылдарда да малдар кырылышы мүмкүн», — деди дыйкан чарбасынын жетекчиси Кайрат Бегалин бийликке кайрылып.

Дыйкандардын айтымында, жайдан бери жылкылар арыктап кеткен. Себеби, ысыктан улам жайлоодогу чөптөр күйүп кеткен. Ал эми кыштын келиши менен тоют жетишсиздиги ого бетер курчуду. Алсырап калган мал кардын астынан чөп ала албай, талаада өлүп жатат. Ветеринарлардын айтымында, облуста буга чейин 200дөй жылкы ачкадан өлгөн. Эксперттер өлүмгө ачкачылык себеп болгонунан күмөн санашпайт.

29 Февраль 2024 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча