Батыш Казакстан облусунун Таскала районунун 90 жылдыгына арналган «Тамыры терең Таскала» аттуу Эл аралык айтышта Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, таланттуу жаш акын Арген Биймырза уулу КР эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук «Манас» театрында эмгектенет.