Казакстандагы эл аралык мелдеште кыргызстандык эки балбан алтын медаль утту

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Алмазбек Сманбеков менен Алибек Осмонов Казакстанда өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Алмаз Сманбеков 57 кг салмакта жана Алибек Осмонов 70 кг салмакта күч сынашкан. Алар финалдык беттеште казакстандык атаандаштарын жеңип, алтын медаль утту.

Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү болуп өттү.

6 Ноябрь 2023 жыл 10:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча