Казакстандык блогер Арман Юсупов кыргызстандык депутатка кеңеш айтты

Казакстандык блогер Арман Юсупов Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Мамашеванын суроосуна жооп берип, депутаттын жеке брендин өстүрүү боюнча кеңеш берди.

Блогер брендди өстүрүү үчүн «Элдик рубрика» ойлоп табуу керектигин билдирди. Экинчиден, агрессивдүү маанайдагы контент жаратуу керектигин айтты.

Ал эми депутат айым блогерди белгилеп, жооп бергенине ыраазычылык билдирип, жаңы рубрика менен чыгарын билдирди.

3 Сентябрь 2024 жыл 11:27

Тема боюнча