Казакстандын жабылган жолдорунда беш миңден ашуун унаа топтолду

Казакстандын жолдорундагы абал бороон-чапкын жана кар көчкү түшүү ыктымалдыгынан улам курч бойдон калып жатат. «КазАвтоЖол» өлкөнүн 8 облусундагы 36 республикалык жана облустук трассанын тилкеси толугу менен жабык экенин билдирди.

Жабылган жолдордо беш миңден ашуун унаа топтолуп, адамдар тамак-аш менен камсыздалган.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды Казакстан аркылуу Орусияга жана Казакстандын аймагына убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырган.

12 Февраль 2024 жыл 8:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча