Бишкекте «KG Group» курулуш компаниясына таандык дагы бир турак жайы мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев «Kg Group» курулуш компаниясынын Бишкек шаарынын Айтматов 82/4 дарегиндеги турак жай комплексинин жашоочуларына курулуп бүткөн объекттин эксплуатацияга берүүгө болгон актысын тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган турак-жай комплексттеринин уруксат кагаздары 2017-жылдан бери бүтпөй келген.