ӨКМ Ысык-Көлгө конгон тик учак тууралуу маалымат берди

Социалдык тармактарга Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине ӨКМдин тик учагы конгон видео жарыяланды. Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учак Чок-Талдагы Paris пансионатына конгон.

Бул көрүнүш боюнча Өзгөчө кырдаалдар министриги редакцияга комментарий берди. Белгилүү болгондой, тик учакты инвесторлор ижарага алышкан.

«25-июлда Airbus-145 тик учагы менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор 5 саат 20 мүнөткө ижарага алып учушкан. Ушул жылдын 17-июлунда түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн», — дешти министрликтен.

Белгилесек, жеке жактар H-125 Airbus тик учагын тиешелүү келишим түзүү менен саатына 157 662 сомго же H-145 Airbus тик учагын саатына 262 770 сомго ижарага ала алышат.

Бул тууралуу толук маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик авиациялык издөө-куткаруу мекемесинин Instagram баракчасынан алса болот.

Теги:
26 Июль 2024 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча