Конституциялык сот Бишкек мэриясынын Ататүрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты

Конституциялык сот Бишкек мэриясынын Ататүрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Конституциялык сот Самат Матцаков жана Курманбек Осмоновдун Бишкек мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги Ататүрк паркына байланыштуу №60 токтомунун мыйзамдуулугу боюнча кайрылуусун караган.

«Конституциялык соттун чечими менен Бишкек мэриясы тарабынан «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө таянуу менен кабыл алынган токтом Конституцияга каршы келбейт жана мыйзамдуу деп табылды», — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле чечимде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болушу керектиги, анын ичинде чыгарылган актыларды жокко чыгаруу укугу да камтылышы зарыл экени белгиленген.

Мындан тышкары, 22-январда Жогорку сот Ататүрк паркынын айрым жер тилкелери боюнча өндүрүштү биринчи инстанциядагы сотто кароого жөнөткөнү белгиленди.

Эске салсак, буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.

13 Февраль 2025 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча