«Кооз сүйлөгөндү гана билесиз!». Депутат министрди урушту

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды. Депутаттын айтымында, мугалимдер министрлик жүргүзүп жаткан реформаларга нааразы. Гимназиялардын статусунан ажыратуу мамлекеттик мектептерде билим берүүнүн сапатынын начарлашына, тажрыйбалуу мугалимдердин жеке менчик окуу жайларга кетишине алып келет.

«Бул реформа эмес. Биз кайра бара жатабыз. КАОдон (Кыргыз билим берүү академиясы) бардык күчтүү окумуштуулар кетишти. Алар методикалык сунуштарды берип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Мен 12 жылдык билим берүүнү киргизүүгө каршы болчумун, анткени биз буга даяр эмеспиз», — дейт Камила Талиева.

Ошондой эле, эл өкүлү шаар мектептериндеги мугалимдердин да айлык акысы эң жогору эмес экенин баса белгиледи.

«Борбордо жаңы келген мугалимдер айына 20 миң сомго жакын акча алышат. 40 жылдык стажы бар мугалимдер — 25 миң. Бул абдан аз. Анан 40-45 миң болот дешти. Кандай реформаларды айтып жатасыз? Мугалимдердин баары нааразы. Апрель айында Жогорку Кеңеш китеп боюнча токтом кабыл алган. Бир дагы пункт бүткөрүлгөн жок. Сингапур менен Малайзияны айтпагыла. Kыргызстандын 12 жылдык окууга даярданганыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Министрлик окуу китептеринин авторлору менен да жолукпайт. Мектептер менен байланышыңыз жок. Мугалимдер алардын абалы начар экенин айтышууда. Бирок сиз Сингапур жана Малайзия жөнүндө кооз сүйлөгөндү гана билесиз», — деди депутат. 

10 Октябрь 2024 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча