Кореяда өз өмүрүн кыюуга алып барган кысымдан кийин, 120миңдей мугалим митингге чыгышты

Кечээ, 4-сентябрда түштүк Кореядагы 120 миңге жакын мугалим өлкө боюнча митинге чыгышты. Борбор калаа болгон Сеулда 50 миңге жакын мугалимдер чогулган. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттигини билдирген.

Маалыматта ата-энелердин мугалимдерге көрсөткөн психологиялык кысымынан улам көптөгөн мугалимдер суицидге барышкан. Кесиптештеринин жана өз укуктарын коргоо үчүн бийликке нааразычылык акция менен кайрылып, Улуттук Ассамблеянын алдында 200 миңге жакын мугалимдер чогулган.

Соңку 6 жылдын ичинде Түштүк Кореяда 100дөгөн мугалимдер өз өмүрүн кыйган. Көпчүлүгү башталгыч класстын мугалимдери болгон. Алардын айтымында, ата-энелер мугалимдерге жогорку талаптарды коюп, коркутууга алып, каалаган убагында чалып тынчын алышчу. Митингдин катышуучулары дал ошол күнү жумуш ташташып, митингге чыгышкан.

Түштүк Кореянын билим берүү министрлиги мугалимдердин массалык түрдө жумуш ташташы мыйзамга каршы келерин, мугалимдерди жана директорлорду жумуштан кетирүүгө, атүгүл иш козгоого алып келиши мүмкүн экенин эскертип, ошол эле учурда мугалимдердин абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө убада берди.

5 Сентябрь 2023 жыл 14:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча