Кулак, мурду кесилген аялдын агасы каргашалуу окуя тууралуу айтты (видео)

20-сентябрда Сокулуктун Селекционное айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң аткыча кыйнаган. Бычак менен келтирилген жаракаттардан соң жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ага 8 саат оор операция жасалып, 21-сентябрда палатага которулду. Жабырлануучунун агасы жана апасы окуя тууралуу СУПЕР ТВга айтып беришти.

«Саат 7лерде карындашымдын улуу баласы чыгат. Ал чыгып кеткенден кийин жолдошу 3-кабаттан келип, эшикти ачканда эле тумшукка эки жолу урган. Жерге кулаган. Сүйрөп барып, кулак-мурдун курулуш бычагы менен кесип, мазактаган. Кошунасы милицияга чалып, кошунасы эшикти ачып берген. Ошондо күйөөсү милицияга да кол салган. Колу-бутун кайрып, алып чыгып кеткен. Кулагы, мурдунун кесиндилери ушул жерде жатыптыр. Милиция чогултуп, медиктерге алып кетиптир. Ушул жерде тамеки чегип, сырасын ичкен. Канды жоготом деп майлык менен сүртүптүр. Баласы да сумкасын асынып, мектепке кетип бараткан окшойт, ал да аталап кыйкырыптыр. «Кир ары, сени да мууздайм» деп айтыптыр. Баласы ошол бөлмөдөн чыкпаптыр»,- деди агасы.

22 Сентябрь 2023 жыл 9:31

Тема боюнча