«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына керектүү аппараттарды алып берди

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунун негизинде, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу районунда жайгашкан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоочу реабилитациялык бөлүмдүн физиотерапия кабинетине өтө зарыл болгон медициналык жабдыктарды сатып берди. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы  билдирди. 

«ДРТ-220 үлгүсүндөгү мурун жана тамак оорулары үчүн жогорку чыңалуудагы ультрафиолет нурланткыч чырагы жана ооруну алдын алуу, дарылоо максатында электр тогун жана электр-магнит талааларын колдонуучу Искра аппараты Кумтөр ишканасы тарабынан сатылып алынып, облустук ооруканага берилди. Бул медициналык жабдыктардын жалпы баасы 255 000 сомду түздү»,-деди ишкана. 

Белгилей кетсек, «Кумтөр Голд Компани» социалдык жоопкерчиликтүү компания катары медициналык мекемелердин жана ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жалпы эле элеттеги элдин саламаттыгына байланышкан маселелерде биринчилерден болуп колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келет.

12 Сентябрь 2024 жыл 14:54

Тема боюнча