
Клипмейкер Эрнис Сыдыковдун мурунку жубайы Кымбат Азизова өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу мурунку жолдошунунун ажырашуу тууралуу билдирүүсүнө жооп жазды.
«Жакшы адамдан аял кетпейт. Кеп угуп же укпаганда эмес тилди. Кеп акчада дагы эмес. Дудукка дагы тил бүтөт деген сөз бар кыргызда. Аял бекер жеринен ажаан болбойт. Ошого өздөрү жеткиришет. Жана 3 балага 12 миң сом өтө чоң акча эмес. Мени жамандап, каралап жазгандар аман эле болгула…»,- деп жазат Азизова.
Эске салсак, түгөйлөрдүн эки жолго түшкөнүн клипмейкер Сыдыков ачыктап, ажырашуусунун себебин — жубайлар бири-бирин укпай калганда үй-бүлө бузулат экен деп түшүндүргөн.