«Кыргызавтожол» ишканасы өлкөдөгү кайсы жолдорду оңдоп жатат?

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жол иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, өлкөнүн ар тарабындагы жолдордо оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Алар:

?№47 ЖТИ: Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерди жаңылоо, көпүрөлөр менен жол четиндеги тосмолорду актоо иштери жүрүүдө.

?№41 ЖТИ: Каратал-Жапырык унаа жолунун 8-9-чакырымдар аралыгындагы суу жеп кеткен жерлер калыбына келтирилип, Бишкек -Нарын-Торугарт унаа жолунун (275-290-чакырымдар аралыгы) жээги тазаланып, акталды.

?№9 ЖТИ: Бишкек-Ош унаа жолунун 155-чакырымында жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, 132-135 жана 206-209-чакырымдар аралыгында тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды.

?№26 ЖТИ: Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда эски асфальтты сыйруу, 86-89-чакырымдар аралыгында тегиздөө жумуштары жүрүүдө.

?№959 ЖТИ: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел калдыктарын тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылды. Аны менен катар жолчулар тарабынан Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунда аң-чөнөктөрдү кесип даярдоо иштери жүрдү.

?№48 ЖТИ: Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 25,4-26,3-чакырымдар аралыгында жолдун негизин тегиздөө иштери жүрүүдө.

14 Май 2024 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча