Кыргызгидромет 9-12-декабрда катуу суук болоорун кабарлады

Кыргызгидромет 9-12-декабрда Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөөрүн эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда түнкүсүн -20° чейин түшүп, тоолуу аймактарда абанын температурасы -36°ка чейин төмөндөйт.

5 Декабрь 2023 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча