«Кыргызнефтегазга» микроинвестиция кылсаң акчаң көбөйөт» деген маалыматка ишенбөөгө чакырды

 Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы элге кайрылып, социалдык тармакта тарап жаткан «Кыргызнефтегазга» микроинвестиция кылсаң акчаң көбөйөт» деген маалыматка ишенбөөгө чакырды.

«Учурда фейк-аккаунттар аркылуу «Кыргызнефтегаз» өлкөнүн бардык тургундары үчүн микроинвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты» деген чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Анда шылуундар жарандарды инвестор катары акча салууга үндөйт. Мындан улам «Кыргызнефтегаз» ААКсына салына турган инвестициялар тууралуу тараган маалыматтар жалган экендигин билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кабарды жакшылап текшерип, акчага сак болууга чакырат. Ошондой эле «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому боюнча расмий маалыматты сайтынан гана алууга болорун эскертет.

7 Март 2024 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча