Кыргызстан Кытайда соттолгон жарандарын өткөрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн консультациясы болуп өттү. Анда виза берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиленди.
Кыргызстан соттолгон жарандарын өткөрүп берүү маселесин кароону тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кытай тарапка кайрылды.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ