Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жерлерин алмашты?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берди.

Ташиев тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар (карта) менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи.

«Ошондуктан 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек ара маселеси чечилбей келген. Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду», — деди Ташиев.

Ташиев белгилегендей,  жалпы 190 гектар жер алмашылат.

27 Февраль 2025 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча