Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлуна карата пенсиянын орточо өлчөмү 9063 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.
Алиев белгилегендей, бүгүнкү күндө пенсиянын орточо өлчөмү былтыркыга салыштырмалуу 1364 сомго көп.
Ал ошондой эле президенттин жарлыгы менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га көбөйө турганын эске салды. Ошону менен бирге пенсиянын минималдуу өлчөмү пенсионердин жашоо минимумуна чейин жеткирилип 6,9 миң сомду түзөрүн белгиледи.
«Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 787,5 миң адамды түзөт», — деди Бактияр Алиев.