Кыргызстанда сом менен онлайн акча которууда комиссия алуу токтоду

Бүгүн, 25-ноябрдан тартып Кыргызстанда сом менен онлайн акча которууда комиссия алуу токтоду.

Улуттук банктын токтомуна ылайык улуттук валюта (сом) менен мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу акча которгондо комиссия алууга тыюу салынат.

Бул тыюу салуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

25 Ноябрь 2024 жыл 10:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча