Кыргызстанда таң эрте дагы жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-мартта таңкы саат 06:03тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Эркечтам, Көк-Суу айылдарында 2,5 баллга (Нура айылынан 15 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, күн мурун, 19-мартта Кыргызстанда жер титирөө катталып, анда да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

20 Март 2024 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча