Табияттын кырсыгы айттырбай келет. Алардын бири жер титирөө. Адистердин айтымына таянсак, бир жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында 10 миңге жакын жер титирөө катталат.
Жер титирегенде эмне кылуу керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгачкы кадамдар жана коопсуздук эрежелери жөнүндө кеп-кеңеш берди.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет.
«Зилзаланын болорун алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес. Эӊ көп жер силкинүү катталган Япония да мындай мүмкүнчүлүктөргө жете элек. Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл», — деп баса белгилешти ведомствонун маалымат кызматынан.
Жер титирөөдө ошондой эле өрт учурунда эч качан лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек. Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ. Бул жер титирөөнүн көбүрөөк чыгым болуусунун алдын алат.