Кыргызстандык кыз Алматыда 7-кабаттан кулап кетти

Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнда саат 06:50лөр чамасында болгон. Ал көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулаган. Ал Алматы шаарына үстүбүздөгү жылы 21-майында туугандары менен барган.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды.

Белгиленгендей, учурда «Жүк-200дү» Кыргызстанга жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө.

28 Июнь 2024 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча