Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы элчиси дайындалды

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы кызматка дайындалганга чейин Молдогазиев 2022-жылдын 14-февралынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп келген.

27 Декабрь 2024 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча