Кыргызстандын футбол курама командасы бүгүн эртең менен Омандан учуп келди.
Аларды Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков тосуп алды.
Эске сала кетсек, 11-июнда Азия чөлкөмүндө 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылкы Азия кубогунун биргелешкен тандоо оюндарынын 2-турунун 6-оюндары жана акыркы турунун беттештери өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы Оман курамасы менен беттешкен.
Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасына чыкты.
Финалдык турнирдик таблицада Оман биринчи (13 упай), Кыргызстан курамасы экинчи (11 упай), Малайзия үчүнчү (10 упай) жана Кытай Тайбэй акыркы орунга (0 упай) жайгашкан.