Кыргызстандын кикбоксинг боюнча спортчусу бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жатат.

Спортчу Дүйнө оюндарында 71 кг чейинки салмакта катышкан.

Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, бүткүл Дүйнөлүк оюндар 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүүдө.

Кыргызстандын улуттук курама командасы каратэ, самбо, жиу-житсу, грэпплинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.

29 Октябрь 2023 жыл 14:01

Тема боюнча