
Бишкек шаарына биринчи жолу келген чет өлкөлүк блогерлер, Кыргызстанды тоо курчаган жаратылышынын кооздугуна көз артышты.
Андан сырткары жайлоого барып, сүттү сааган жеринен ичип көрбөгөнүн айтып, бээнин сүтүн даамдап көрдү.
Борбордогу бир катар тамактануу жайларына барып, лагман, каттама өңдүү тамактын түрлөрүн тамшанып жешти.
Арзан баага даамдуу тамак жесе болорун айткан блогерлер туристтерди Кыргызстанга чакырды.