Кыргызтанда санарип сомду жүгүртүүгө чыгарууну пландоодо

Улуттук банк Кыргызтанда санарип сомду жүгүртүүгө чыгарууну пландоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстандын санарип түрүндөгү улуттук валютасы болмокчу. Ал кагаз акчадай эле кадимки төлөм каражаты болуп эсептелет.

Санарип сомду чыгаруу укугу же аны жүгүртүүдөн алууга Улуттук банк гана укуктуу болот. Бул санарип акча атайын аянтчага санарип түрдө чыгарылат.

12 Август 2024 жыл 13:05

Тема боюнча