Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп, иштей баштаса мамлекетке жылына кеминде 200 миллион доллар киреше алып келери болжолдонууда

Бул долбоор көп жылдан бери ишке ашпай келген, ага бир нече ички жана тышкы себептер болгон. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен, мамлекетибиз туңгуюктан чыгат. Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын базарларына жол ачылат. Темир жолдун курулушу Каспий деңизине чыгууну камсыздап, транзиттик жолго айланат. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп, иштей баштаса мамлекетке жылына кеминде 200 миллион доллар киреше алып келери болжолдонууда.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча жумуш аяктады. Учурда үч мамлекет биргелешкен темир жолду куруунун каржылоосу каралууда.

Учурда Советтер союзунан калган 424 чакырым темир жолу бар. Мамлекет эгемендик алган жылдардан бери 1 метр дагы темир жолун курган эмес.

Биринчи болуп, 2022-жылы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече багытындагы темир жолунун курулушуна президент Садыр Жапаров старт берди. Өткөн жылы 5 чакырым жол салынып, бул жылы 15 чакырым темир жолунун курулушу бүткөрүлөт. Жалпы 20 чакырым. Кара-Кечеден ары темир жолу Макмалга жетип, Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн туташтырат. Андан ары Жалал-Абад аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолуна кошулат.

Ошондой эле, “Кыргыз темир жолу” ишканасы көп ийгиликтерге жетишти. Мурда ири киреше тапканына карабай, карызга батып келген ишкана, 2021-жылдан тарта өнүгүп баштады.

  • 100 даана жүк ташуучу вагондорду сатып алды.
  • Мурункудан бери келген карыздарын жапты.
  • 20 чакырым аралыктагы жыгач шпалдар, эски рельстердин ордун – жаңы темир-бетон шпалдарга алмаштырып, жаңы рельстерди койду.
  • Ишкана өзүнүн күчү менен люкс вагондорду жасады.

Темир жол тармагындагы дагы бир ийгилик – буга чейин темир-бетон шпалдарды башка өлкөлөрдөн сатып алсак, мындан ары Кыргызстан өзү чыгарып баштады. Чүй облусунда темир-бетон чыгарган завод ишке кирип, андан чыккан шпалдар Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече жолунун курулушуна колдонулуп жатат. Баасы сырттан сатып алганга салыштырмалуу эки эсе арзан.

9 Октябрь 2023 жыл 13:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча