Кытай Кыргызстанга аскердик курал берет

Кытай Кыргызстанга 50 миллион юань (7 миллион доллар) аскердик жардам берет. Бул тууралуу келишимдин долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жактырды.

Техниканын түрү жана саны өзүнчө келишим менен бекитилет.

Жардамды Кытай тарап өз каражатына чек ара чейин алып келери, андан ары Кыргызстан тарап ташып кетери айтылат.

2 Май 2024 жыл 15:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча