Кытайды сел каптап, адамдар жабыр тартып, жоголуп жана каза болууда

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел каптап, табигый кырсыктан улам төрт адам каза таап, 10 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашууда.

Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги билдиргендей, кеминде 110 миң адам эвакуацияланып, 25 миң 800дөй киши коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Суу ташкыны Кытайдын калк жыш жайгашкан, тактап айтканда, 127 миллионго жакын адам жашаган провинциясында орун алган. Кырсыктан провинциянын борбору Гуанчжоу, ошондой эле Шаогуань жана Хэюань кичи шаарлары эң көп жабыркаган. 40ка жакын үй урап, 50дөй турак жай олуттуу жабыркаган. Бүгүнкү күндө селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 140 млн юандан (19 млн АКШ доллары) ашат деп бааланууда.

Кытайдын метереологиялык кызматтары нөшөрлөгөн жаан Гуандун провинциясында жана Фуцзянь дарыясынын жээк аймактарында жок дегенде шейшембиге чейин уланарын эскертти.

23 Апрель 2024 жыл 10:59

Тема боюнча