Кытайдын Шэньян шаарындагы соода борборунда жардыруу болду (видео)

Кытайдын Шэньян шаарында соода борборунда болгон жардыруудан үч адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жардыруу үч күн мурда Си Цзиньпиндин кытайлыктарды келе жаткан жаз майрамы менен куттуктаган соода борборунун жанында болгон. Кырсыктан үч адам каза болуп, дагы 30дан ашуун адам жаракат алганы кабарланды.

Жарылуунун себеби азырынча белгисиз, божомолдорго караганда газ баллонунун жарылышы же теракт деп айтылууда.

27 Январь 2025 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча