
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-февралда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына борбор калаанын конуштарынын биринде зомбулуктун белгилери менен болжол менен 25-30 жаштардагы аял кишинин жансыз денеси табылган.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1996-жылы туулган 1 жаран, 2002-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары, ишенимдүү булактарына таянып, шектүүлөр алгач кызды зордуктап, андан соң бычак менен жүрөк тушка урушканын жазышты. Ошондой эле маркумдун 30 жашта экени айтылууда.