Өлүкканадагы өлүктөрдү зордуктоого шектелген жаран кармалды

Алматыда некрофил кармалганын Azattyq Rıhy жазды. Маалыматка караганда, тууралуу журналист Михаил Козачков жазып чыккан.

Анын айтымында, шектүү катары шаардык өлүккананын күзөтчүсү кармалган. Аталган факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси «Өлгөндөрдүн сөөгүн жана алар көмүлгөн жерлерди мазактоо» боюнча кылмыш иши козголду.

«Мендеги маалымат боюнча, ал телефонун күрөөгө коюу үчүн барган күрөөканалардын биринин кызматкерлери кылмышты ачыкка чыгарууга жардам берген. Ал күрөөгө коюп жаткан телефон өзүнүкү экенин далилдеш үчүн галереяны ачууну суранган», — деп жазган журналист соцтармакка.

Маалыматты Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктап: «Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда”,- дешкен.

29 Апрель 2024 жыл 15:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча