
Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип баңгизат ишине байланыштуу Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков да кармалганын жазды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы судья 8-июлда Тариэл Сабырбековдун бөгөт чарасын карап, 3-августка чейин тергөө абагына камакка алганын ырастады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.
Райондук сот 6-июлда Афтандил Сабырбековду да 3-августка чейин камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.
Ал баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирген.
24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Афтандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылган.
Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу 26-июнда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул окуяга байланыштуу элден кечирим сураган. Садыр Жапаров буга чейин ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган.
Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган.
Афтандил Сабырбеков жана анын агасынын жакындары менен адвокаттары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек.