УКМКнын Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, окуя 5-январда, болжол менен саат 16:40тарда, Лейлектин Арка-2 кыштагында болгон.
Алдын ала берилген маалыматта боюнча, жарылуунун себеби А.Н. аттуу аял эски курулуш материалдарынын арасынан тапкан аныкталбаган жарылгыч зат (снаряд) болгон.
«Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдар менен темир буюмдарды жыйнап жатып, белгисиз жарылгыч зат (снаряд) таап алып, ал жарылып кеткен. Анын кесепетинен Н.А. жана андан алыс эмес турган 12 жашар кызы жаракат алышкан. Жабыркаган эне менен кызы учурда ооруканада, абалы туруктуу. Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан. Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугушуп, тажик тарапка окуя тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле УКМК чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардагы элди шектүү буюмдарга тийбөөгө жана андай нерселерди таап алса, дароо тиешелүү тараптарга билдирүүгө чакырды.