Ленинградда 5 кыргызстандык өрттөн жабыркады

Ленинград облусунда 5 кыргызстандык өрттөн жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышкан.

«17-февралда Кыргызстандын 2 жараны Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. Ал эми үчөө Гатчинск ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул факты боюнча Россиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.

Маселе Кыргызстандын Ленинграддагы Башкы консулдугунун көзөмөлүнө алынды.

18 Февраль 2025 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча