Ливанда эми рациялар жарыла баштады

Ливанда кайрадан жарылуулар жаңырып, тогуз адам көз жумду. Алардын бири Бейрут шаарында “Хезболланын” каза тапкан аскерлерин акыркы сапарга узатып жаткан учурда болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, аталган кыймыл пейжерлер менен бирге сатып алган рациялар жарылган.

Axios порталы менен Fox News «Хезболланын» мүчөлөрү колдонгон миңдеген рациялардын жарылышына Израилдин тиешеси бар экенин билдирди.

Ливандагы соңку окуя боюнча урунттуу учурлар:

Жарылуу 9 кишинин өмүрүн алганын, 300дөн ашыгы жабыркагандыгын Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүүдө;

Рациялар Израилдин атайын кызматы тарабынан алдын ала миналаштырылган;

Бейрут жана Ливандын башка райондорундагы бир нече үйдө, кеңседе ноутбук, радиоөткөргүчтөр жана компьютерлер жарылганын Tasnim басылмасы жазды;

Fox News бул иштерди Израиль жасап жатканын Пентагондогу маалымат булактар тастыктагандыгын билдирди;

Сирия президенти Башар Асад бардык чалгындоо кызматынын командир, офицерлерине байланышуунун портативдик түзмөктөрүн колдонуудан баш тартууну тапшырды;

Ливанда дагы литий батареялуу байланыш түзмөктөрү барларга аларды өчүрүп, жакын жолобоону эскертишти.

Кечээ, 17-сентябрда, Ливандын райондорунда мурда кездешпегендей окуя болуп, кишилер колдонуп жүргөн пейжерлер жарылган. Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши көз жуумп, төрт миңге чукул адам жаракат алганын билдирди.

Учурда жабыр тарткан тарап бул иш Израилдин колунан келгенин айтууда. Андан сырткары, Axios басылмасы пейджер операциясын Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана министрлер кабинети Коопсуздук кызматынын жетекчилери менен макулдашкан деген маалымат тараткан.

19 Сентябрь 2024 жыл 9:10

Тема боюнча