Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 12:17де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
ӨКМ кошумчалагандай, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында 2,5 баллга _(Жыргалаң айылынан 20 чакырым чыгышка, Кызыл-Жар айылынан 22 чакырым түшүк-чыгышка, Каракол шаарынан 72 чакырым түндүк-чыгышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.