Кыргызстандын аймагында 27-ноябрдан 3-декабрга чейинки аралыкта 20 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде 494 айдоочу мас абалында рулга отурган.
Андан тышкары:
Инспекторлор тарабынан ар кандай жол эрежесин бузган 1 863 автоунаа айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.