Мүрзөнүн жанында жашаган, 3 эгиз төрөгөн аял бийликке кайрылды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы Айсана Султанова кайрылып, ушул жылдын 7-мартында Ошто 3 эм төрөгөнүн, мамлекет тарабынан 50 миң сом берилгенин айтып кайрылган.

«Учурда жолдошум экөөбүз 7 баланы тарбиялап жатабыз. Мен 3 эм төрөгөндө Ош шаардык мэриясы 50 миң сом берген. 3 эмдин эки кыз, бири уул. Мөлтүр, Айдар, Мүрөк деп ат койгонбуз. Бизге да эл катары үй берип, эл катары сүйүнтүп коюшса дейм.

Жолдошум Жаза аткаруу кызматында иштейт. Баарыбыз жолдошумду карап отурабыз. Жөлөк пул деп барсам, жолдошуңдун айлыгын бөлсөк, 1000 сомдон ашып кетти дешти. Бирок балдарга памперс, кошумча сүт керек. Мэрияга барып үй сураганда, «3 эмге үй берилбей калган» дешкен. Бирок Ошто, Нарында төрөгөндөргө беришти. Мен деле ушул жылы төрөдүм.

Азыр биз шарты жок Ош шаарынын четиндеги үйдө турабыз. Үйүбүз мүрзөлөрдүн жанында. Жайында чаян чагып албаса экен деп коркуп уктабайм. Кышында болсо, кичинекей үйгө көмүр жагып алып ис чыгып өлүп калбайбызбы деп корком. 

Мурда да эгиз уул төрөгөм. Алар 6 жашта. Аттары Асан, Үсөн. Улуу балам 6-класста окуйт. Ошол балам каралашат. Андан кийинки балам 9 жашта. Анан эгиздерим. Анан үч эми 7 айдан өтүп калышты. Мамлекет бизге да көңүл бөлүп койсо дейм»,- деди келин.

5 Ноябрь 2024 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча